Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери 1-январь күнү саат 02:30 чамасында жөө жүргүнчүнү сүзгөн унаанын айдоочусун кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тез жардам кызматынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде денесинен жаракат алган эркек киши табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал шаардык ооруканага ар кандай жаракаттар менен (баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалып, буту сынган) жаткырылган.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жабырлануучу Чүй облусунун Сокулук районунун 1977-жылы туулган тургуну К.Н. экени аныкталды. Ал шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей көз жумган. Жабыр тарткан адамдын өлүмүнө унаа кырсык себеп болгону такталды.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-бернесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иш козголду.
Бишкеке ШИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери унааны жана анын айдоочусун аныктоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 1972-жылы туулган С.А.ны кармашты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here