ТайвандынТайбэй шаарында сот биринчи жолу гигиеналык тазалыкты сактабаган  жубайларды ажыраштырды. Бул тууралуу Taipei Times  жазып чыкты.

15 жыл бою Тайвандын жашоочусу аялынын жылына бир гана жолу жуунган адатына көнө албай келген. Жубайлар үйлөнгөндөн баштап эле кыялдарындагыдай жашаган эмес.  Аялдын кир денеси, жуулбаган тиштери күйөөсүнүн психологиясына таасир берип сотко кайрылууга аргасыз болгон.

Үйлөнгөнгө чейин аялы жумасына бир гана жолу жуунуп жүргөн, ага карабай күйөөсү сүйүп үйлөнгөнүн айткан.

Жубайлар үйлөнгөндөн кийин, аял денесин, тишин жууганды токтоткон. Ошондон кийин сексуалдык жашоо тозокко айланып, алар 15 жыл бою балалуу болушкан эмес. Аял эч жерде иштечү эмес.

13 жыл өткөндөн кийин күйөөсү качып кетип, башка жактан иштеп кеткен. Бир нече убакыт өткөндөн кийин аялы издеп барып, күйөөсүн үйүнө кайтаруу максатында  уруш чыгарган.

Сот бир нече жолу болгондон кийин, күйөөсүнүн арызын канааттандырган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here