Бүгүн Ош шаарында 69 жашында Кыргыз эл артисти, белгилүү комузчу, профессор Фахридин Баяков катуу оорудан дүйнө салды.
Фахридин Баяков 1949-жылы 11- февралда Тажик Республикасынын Жергетал районунун Дувана айылында туулган. 1967- жылы Ош областына караштуу Кадамжай районунун Жданов атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1967- 1971- жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтун “хорго дирижёрлоо” бөлүмүн аяктап, алгачкы эмгек жолун 1971- 1972-жылдары Ош облусунун Фрунзе райондук маданият үйүнүн директору болуп баштаган. 1972-жылы Советтик армияга чакырылып кызмат өтөгөн. Агайдын көп жылдык өмүрү Ош мамлекеттик университети менен терен байланышкан. 1973- жылдан тартып өмүрүнүн соңку демине чейин ОшМУнун искусство факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, музыкалык аспаптарда аткаруу кафедрасында профессор, ал ишине удаалаш эле Ош областтык Р. Абдыкадыров атындагы филармонияда комузчу-аткаруучу, ОшМУнун “Таланттар академиясында” студенттерге устатык кылуу менен улуу өнөрдү кийинки урпактарга сиңирүүгө зор салым кошту.

Өмүрлүк жубайы Үмүт Ташматова менен бир уул эки кызына татыктуу тарбия беришти. Үй-бүлөдө камкор ата, шакирттерине үлгүлүү устат, өнөргө өрнөк инсан боло алды. Агайыбыздын эмгектери окуучуларына кемибес казына, көөнөрбөс мурас болуп кала бермекчи..

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here