Бүгүн белгилүү акын, котормочу Карымшак Ташбаев каза болду.
Ташбаев Карымшак — акын, котормочу. Карымшак Ташбаев Кара-кулжа районунун Шаркы-ратма кыштагында 1935-жылы 15-январда туулган. Токтогул атындагы орто мектепти 1953-жылы бүтүрүп, ошол эле жылы эмгек жолун колхоздо табелчи болуудан баштаган. 1954–1957-жж. аскер милдетин өтөп келип, геологиялык чалгындоо партиясынын улук бургулоочусу, Кара-Кулжа райондук «Коммунизм үчүн» гезитинде жооптуу катчы болуп иштейт. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктайт.

1965–1969-жж. облустук «Ленин жолу» гезитинде адабий кызматкер, 1969-жылдан «Кыргызстан пионери» гезитинин Ош облусу боюнча кабарчысы, 1976–1999-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн жооптуу катчысы, облустук филар-мониянын көркөм жетекчиси, «Ош» альманахынын кызматкери болуп иштеп келген. К.Ташбаевдин «Таң калуу» деген алгачкы ыры 1958-жылы ноябрь айында облустук «Ленин жолу» гезитине чыккан. Ошондон баштап рес-публикалык мезгилдүү басылмаларда, журналдарда жарыяланып келген. К.Ташбаев көптөгөн китептердин жана котормолордун автору.

Ал Литва акыны Ю.Марцинкявичюстун «Кан жана кул» аттуу баатырдык поэмасын ж.б. акындардын ырларын, поэмаларын которгон. Карымшак Ташбаев 1969-жылдан Журналисттер союзунун, 1970-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү. Ал 1995-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам алып, ушул эле жылы «Манас – 1000» эстелик медалы менен сыйланган. К.Ташбаев облустук советтин XXI чакырылышынын (1990–1995) депутаты болуп кыргыз элине эмгек кылган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here