10-январь күнү Ат-Башы  районунда 11-класста окуган  окуучу бала асынып, өз жанын кыйгандыгы тууралуу маалымат жазганбыз. Эми бул окуяны жакындан билгендер биздин маалыматка тактоо киргизип, жарыялап коюшубузду өтүнүштү. Бизге берилген маалыматка караганда ал бала 11-класстын  окуучусу эмес, ал мектепти өткөн жылы бүткөн экен. Аты Тилек.  Баланын атасы аты Таалай экенин айтканбыз. Жанын кыйган жигит анын жалгыз уулу. Ал эми анын жактырып келген кызынын аты Дамира. 10-класстын окуучусу. Ал каргашалуу түнү Тилек менен Дамира жалгыз эмес, алар менен кошо дагы башка балдар да жолугушуп, кыязы  чырдаша кеткен дешет.

Ошондон улам, Тилек өзү муунуп алды деген маалыматты жокко чыгарышууда.  Тилектин апасына Дамира телефон чалып, анын асынып алганын угузган экен. Текшерүүдөн кийин, Тилектин денесинен көгала тактарды көрүшкөн.  Кийимдери да кан болуп калган. Учурда  бул окуяны Нарын шаарынын облустук милициясы, Ат-Башы райондук милициясы текшерип  жатышканы айтылууда. Тиешелүү экспертиза (кийимдери, телефон ж.б. буюмдар) дайындалган экен. Дамира болсо коркконунанбы, айтор алгач Ат-Башы райондук ооруканага барып, Терепия бөлүмөнө жаткырылган. Ал жактан врачтар ден-соолугу жакшы экенин айтышкандыктанбы, айтор кайра ал Нарын шаарына келип, ал жактын ооруканасына жатканы айтылууда. Кыскасы, бул окуянын болгон чоо-жайын ошол кыз билет экен. Балким из кубарлардын дыкат текшерүүлөрүнөн кийин баары ачыкка чыгат…

 

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Men asynyp aldy oz janyn ozu kyidy degenge koshulbaym antkeni balanyn denesinde taktar bar ,kan bar Tilek kishi koldu bolup plandalyp olturldu jaktan jeri jailu bolsun Allahym beishten oorun bersin ,kim kylsa dagy Allahym jazalasyn.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here