Түркиянын Бодрум шаарында сойкулук менен алектенген Кыргызстандын 3 жараны кармалды. Бул тууралуу haberler.com жазып чыкты.
Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери сойкукана уюштурган 3 адамды жана 6 сойкуну кармашкан. Кармалган 6 сойкунун үчөө Россиянын, экөө Кыргызстандын жарандары болгон. Жыйынтыгында көмүскө жайга айланган мейманкана жабылып, айып салынды.
Кыргызстандын жараны — 34 жаштагы У.Р. мындан 2 ай мурун өзүнүн өлкөсүнөн Стамбул шаарына келгенин билдирди.
«Жаңы жылды досторум менен тосуу үчүн Бодрумга келдим. Мейманканаларда жана көңүл ачуучу жайларда мени жакшы кабыл алышты. Бир түндө 10 миң лирадан таап баштаганда бул жерде калууну чечтим. Эс алып жана акча таап жаттым. Бизди эч ким сойкулук менен алектенгенге мажбурлаган жок.
Биз 10 күндүн ичинде өзүбүздүн өлкөдө 3 айда иштеп таба албай турган акчаны таптык. Эгер бизди депортация кылса кайрадан Бодрумга келебиз. Биз мыйзамсыз нерсе менен алектенип жатканыбызды билген эмеспиз», — деди ал.
Кармалган кыздар депортациялоо үчүн Мугла районунун коопсуздук башкармалыгынын тышкы иштер бөлүмүнө жөнөтүлдү.
Булак :turmush.kg/news:338329

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here