Эстрада ырчысы Анжелика Бекболиева инстаграм баракчасына кыргыз тилдүү жергиликтүү гезиттердин бирине берген магенин жарыялаптыр. Ырчы айым бир канча  күндөн бери анын дарегине айтылып келаткан  сөздөрдүн баарын ушак деп жокко чыгарган.  Марат Назарбеков менен ойнош деген сөздү да калп экенин айткан.  Бирок, Марат Назарбеков жана ал ээлик кылган соода борбору Казакстандык продюссер Баян Максат кызын Кыргызстанга алып келүүдө демөөрчүлүк кылганын айтып берген. Ошондой эле ал: » Күйөөм Урмат мени ар кандай каралоодон коргобой койду. Урмат акыркы жылдары көңүл ачуу менен гана жүрүп алды. Ажырашуу же ажырашпоо күйөөмдөн көз каранды» -деп агынан жарылган. Сотко кайрылганын да айтып, Назарбековдун аялы Айжандын жалаа жаап, каралап жатканын билдирген.

Кыскасы, чекилик ар дайым бир тараптан кете бербейт. Эки тараптан тен кетери маалым. Кантип эле Урмат 3 кыз төрөп берген, 10 жыл бирге жашаган аялын ар кандай жаман кептерден коргобой койсун. Ошондой аракеттер кантип бир, эки ирет болбосун. Анын сынарындай ар андай кептер деле бекер жерден чыга бербес. Айтор, бул жагы анчалык ачылбай турат…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here