Москва шаарында пенсия курагындагы Трофимова атту аял алдамчы көзү ачыкка лотереядан 3 млн. рубль уттуруп берем деп айтканы үчүн 2 млн рубль төлөп берген. Бул тууралуу Mash- телеграм-каналы жазып чыкты.
Трофимова көзү ачык Гуклин тууралуу радиодон угуп, ага жазылып, барган. Гуклина аялдын келечеги тууралуу айтып берип, жакын убакытта 3 600 000 рубль лотереядан утуп алаарын айткан.
Бирок, ал качаны утуп алыш үчүн 2 млн. рубль төлөшүн керек деген. Аял макул болуп, туугандарынан жардам сурап, акча чогултуп анан бөлүп-бөлүп көзү ачыкка которо баштаган.
Акыры лотереядан эч кандай акча утпаган соң, алданып калганын билип, полицияга кайрылган.