Жердиги Ямайкалык легендарлуу жөө күлүк, олимпиаданын 8 жана дүйнөнүн 11 жолку чемпиону Усэйн Болт былтыр чуркоо спорту менен коштошкон болчу.  Бирок ал чуркоодон алыстабай футболчу болууга бел балап олтурат. Ал ушул жылдын жаз айынан тарта Германиянын «Боруссия» футболдук клубунда ойноп баштарын жар салды.  Ал чет элдик телеканалдар аркылуу: «Март айынан баштап «Боруссия» футболдук клубунда машыгууларды баштайм. Баардыгы жакшы болсо андан ары улантып кетем. Бирок келечекте «Манчестер Юнайтед» футбол клубунда ойноону кыялданам. Ааламдын алдынкы 50 футболчусунун бири болсом дейм. Бир сезондо 200 гол киригизип туррсам”,- деп билдирген.  Кыялданган командасында деле ойноп калгысы бардыр.  Айтылуу спортчу футболдон да ийгилик жаратарына ишенип туралы. Калганын убакыт тастыктайт эмеспи.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here