Каракол шаарындагы массалык мушташтын тасмасы интертке тарады. Бул мушташ 3-январь күнү Каракол шаарынын Фучик-Карасаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги ижарага тоо-лыжасын берген дүкөндүн жанында болгон экен. Мушташ  Каракол шаарындагы ижарага лыжа берген жайлардын биринин кожоюндары менен тааныш адамдардын ортосунда орун алган. Талаш баягы эле акча маселесинен келип чыккан. Бирок милицияга арыз жазышкан эмес. Себеби, эки тарап элдешип алышкан. Арыз жазылбаган соң, милиция эмне кылымак эле. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калат да…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here