Интернет магазинден кийим сатып алуу үчүн акчасын төлөп, буйрутма берген Сяо Дай аттуу аял, кийим кечикненден улам ал интернет -магазин тууралуу интернетке жаман пикирин жазат. Аны окуган интернет магазиндин кожоюну жинденип, 850 чакырым жерден бери күн-түндөп келип, ал аялды таап, «сабак окутуп», сабап кеткени тасмага тартылып калган. Аял сабоодон башы чайкалып, женил жаракат алган. Ал эми интернет-магазиндин ээси кармалып, камакка алынган