34 жаштагы Родриго Алвеш сулуулугу үчүн пластикалык операцияларга  600 миң доллар  акча короткон. Ал жакында эле 60- операция болуп, 4 кабыргасын алдырткан.
 Родриго Алвеш көптөн бери кабыргаларын алдыртууну ойлоп жүрүп, акыры анын кыялын орундатууга макул болгон доктурга жолуккан.
Келбетин барби-куурчактыкындай кылып кабыргаларын алып берген доктур Гарвард университетин окуп бүткөн хирург Майкл Обенг жасаган. Ал операция учурундагы тартылып алынган кыска роликти өзүнүн инстаграм баракчасына жайгаштырган.

Операциядан кийин Родригонун өтүнүчү менен кабыргаларын өзүнө берген. Ал  аны сүрөткө тартып альбомуна киргизген. Эми Родригонун бели 91см эмес, кадимки Барби курчактыкындай 60 см.

 Кабыргасын алдырткан Родриго «үстүмөн  жүк ташыган машина өтүп кеткендей эле болду»-деп айткан.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here