Көкүрөгүн 140 сантиметрге чоңойткон америкалык пианист Аллегра Коул көлдүн жээгинен түшкөн сүрөтүн жарыялагандыгын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

The Mirror басылмасынын маалыматына караганда, Аллегра Коул көкүрөгүн чоңойтуу үчүн бир нече жолу операция жасаткан. Ал буга чейин жергиликтүү басылмаларга маек берип жатып, модель болуу үчүн мындай кадам баргандыгын билдирген болчу. Азыркы тапта ал моделдик чөйрөгө көнүп, 100 миң долларга чейин каражат табууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Анын учурдагы негизги киреше булагы — түстүү журналдарга сүрөткө түшүү.

Буга чейин 48 жаштагы америкалык модель Алегра Коул 30 жылдык өмүрүн музыкага арнап, мугалимдик кесипти аркалап келген.

Булак: turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here