Он жыл бирге жашашып, 3 кызды тарбиялап жатышкан ырчы Анжелика Бекболиева менен ишкер Урмат Бекболиев ажыраша турганы маалым болду. Ажырашуунун демилгичиси Анжелика болгон. Мыйзам жолу менен ажырашууга сотко арыз берилип, соттук иш 20-декабрда башталган. Бирок ага Урмат тараптан киши келбегенин бир катар маалымат булактары жазып чыкты. Маалым болгондой акыркы учурларда Анжелика тууралуу ар кандай кептер, такталып-такталбаган маалыматтар арбын тараган.