Памперс – энелер үчүн ыңгайлуу буюм. Түндө туруп баланын алдын улам кургактабайсың, бир жакка чыкканда да жалаяктарды додо кылып алып жүрбөйсүң. Бирок ошол оңой колдонулуучу буюмдун зыяны жокпу? Ушул тууралуу сөз козгойлу. ПАМПЕРСТИ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ Памперс – адамды кир жуугандан жана үтүктөөдөн куткарчу буюм. Андыктан ата-эне балага көбүрөөк көңүл бура алат. Бирок бардык учурда эле ата-эне цивилизациянын бул жетишкендигин туура колдоно бербейт. Ымыркайга биринчи ирет памперс кийгизгенден соң сөзсүз түрдө терисинде кызаруу жокпу, текшерүү кажет. Эгер кызаруу билинсе, анда башка маркадагы памперске алмаштыруу керек. Памперс – сейилдөөдө, бейтапканага каттоодо алмаштыргыс буюм. Болгону, аны бир күндө 4-6 саат гана кийгизүүгө болот. Памперсти алгандан кийин, бала жылаңач жата турушу керек. Бул баланын жука чурайы “аба жутушу” үчүн зарыл. Анан кийин баланын алаасын нымдандыруучу крем менен майлап коюу туура. Оң жактары: Нымды соруу менен баланын териси үчүн жайлуулукту түзүп берет. Колдонууда жеңил. Терс жактары: Зааранын заматта сорулуп кетиши баланын заара кылуу процессин сезбей калуусуна жеткирет. Башкача айтканда, рефлекс иштелип чыкпай калат. Дал ошондуктан дайыма памперс менен жүргөн бала горшокко өз алдынча заара ушатууну көп убакытка дейре үйрөнө албайт. Дайыма памперс менен жүргөн бала заарасын кармап турууну, токтотуп калууну таптакыр билбей калат. Бул акырындап энурезге (зааранын токтобой калышы) алып келиши мүмкүн. Окумуштуулардын айтуусунда, памперсти көп колдонуу уул балдарды кийин тукумсуздукка алып келиши ыктымал. Анткени памперстин жука чурайды ысытуучу таасири бар. Демек, баланын умасы (урук калтасы) да ысыйт. Бул анын ичиндеги жумуртканын нормалдуу өсүшүнө зыян тийгизет. Ошентип, кийин бала тукумсуз болуп калышы мүмкүн.

САПАТСЫЗ ПАМПЕРСТЕН АБАЙЛАҢЫЗ! Сапатсыз памперс начар кийим сыяктуу эле аллергияга алып келет. Алтургай жыныстык мүчөлөрдү сезгентип, ооруга чалдыктырышы да толук мүмкүн. Андыктан көчөдө арзан сатылган памперсти албаган оң. Памперсти дарыканалардан маркаларына карап, сертификатын сурап, анан сатып алуу зарыл. Арзан памперстер заараны жакшы сиңирбей, сапатсыз материалы абаны өткөрбөй, денени кысат. Мындан тышкары терини дүүлүктүрүп, кычыштырат. Арзандарынын көбү калың болуп, бала жөрмөлөгөндө, басканда, ойногондо тоскоол болуп жүдөтүп, чүнчүтөт.

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН! Памперстин зыяндуу жактары аны күн-түндөп колдонууда, сапаты начарларын пайдаланууда экендигин билдиңиз окшойт. Демек, памперсти чеги менен сапаттуусун колдонсо, зыяны жок

Маалымат интернет булактарынан алынды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here