Хоккей боюнча Жумгал районунун ачык чемпиондугу 13-14-январь күндөрү Миң-Кушта  болот.

Спорттун хоккей  оюну боюнча мелдешке Нарын, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан жалпы он эки команда катышары белгилүү болду.

Хоккей боюнча Жумгал районунун ачык чемпиондугу негизделгенине быйыл 20 жыл болот. Бул мелдеш алгач Чаек айылындагы Шортон көлүндө 1998-жылы уюштурулган.

Маалымат катары айта кетсек буга чейин Жумгалда өтүп жаткан хоккей оюнуна Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков баштаган бир катар белдүү азаматтар демөөрчү болуп келген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here