Туркиянын Haberler.com булагынын маалыматы боюнча Кыргызстандык кызды зордуктап жана тоноп кеткен адам 30 жылга эркинен ажыратылды.

Окуя тууралуу 2017-жылдын  26-августунда арыз түшкөн болгон.

Полиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн видеокамерага жазылган тасма боюнча аныкташкан. Соттолуучу Й.Фатих кыргызстандык студент кызды «Аязага» метросунун чыга беришинде токтотуп, «унчукпа, кыйкырсаң сени өлтүрөм» деп коркутуп, зордуктап, анан уюлдук телефонун алып кеткен.

Сот  аны зордуктоо беренеси боюнча 18 жылга жана тоноо беренесинин негизинде 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here