Буга чейин Калыкбек Султановго президент Сооронбай Жээнбеков чоң кызмат берери байма-бай айтылып келген. Жок дегенде өзунө кеңешчи, же президенттик аппараттын орун басары, же элчи кылат деген божомолдор айтылган. Бирок андай болбой калды. Жээнбеков Султанов президенттик шайлоодо Бишкек шаары боюнча шайлоо штабын башкарып, жакшы иштеп берген эле. Ошентсе да ажо Султановго  иш берген жок. Бул жагы азырынча белгисиз. Балким кийин берер. Айтор,  ишсиз калган Султановду жердеш иниси Сапар Исаков өзунө  кеңешчи кылып дайындап алды. Бул жагы жакшы эле иш болду окшойт.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here