Буга чейин Казакстанда депутат курулуш тармагында ак эмгек кылган карапайым кызды баса калып зордуктап койгонун, ал  кыз арызданып көп жерге кайрылып, бирок натыйжа чыкпагандыктан, акыры Эл башы Нурсултан Назарбаевге кайрылганы тууралуу маалымат жарыялаганбыз. Бул маалымт казак коомчулугунда кызуу талкууга алынып, тиги «аңги» депутаттын айласы кетип баштады. Эмне кыларын билбеген депутат адвокаттары аркылуу балдар да ишене койбос жөө жомокторду айтыптыр. Анын кыска мааниси мындай: «Мен аны караңгыда өз аялыма окшотуп, «кокустан» зордуктап алыптырмын, билбей, жаңылыптырмын. Анын жыты, кийингени аялымдыкына окшош экен». Мына депутаттын тапкан шылтоосу. Кыскасы, депутатка мыйзамды жаза жакынкы учурда берилгени калды окшойт. Бул боюнча да кабардар кылып турабыз…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here