-Алтынбек мырза, өткөн жылды кандай бааладыңыз?

-Кудайга шүгүр, жаман эмес. Саясатта чоң өзгөрүүлөр орун алды. Президент, премьер, спикер алмашты дегендей. Саясатта ушундай чоң өзгөрүү болгону менен экономикабызда эч кандай өзгөрүү болгон жок. Баягыдай эле тартыш болуп жатат. Элибиз өз оокаты менен жанын багып жатат. Мигранттарыбыз да мурункудай эле чоң салым кошту. Президентибиз тууралуу азырынча эч кандай жаман сөз айта албайбыз. Баштаган иштери жакшы. Казакстан, Россия, Өзбекстанга барып, чечкиндүү маселелерди көтөрүп, жемиштүү келип жатат десек болот. Бирок мен айтат элем, преиздент катары өз алдынча иштеп, өтө чечкиндүү болсо дейт элем. Мурункудай эле КСДПнын көзүн карабай, элдин үмүтүн акташын тилейт элем. 600 миң киши Бабановго добуш бергенин да эске алып, алар үчүн да бирдей мамиле кылып, баарына тең, баарына тегиз иштеши керек. Шайлоо, бүттү, кетти. Андыктан Сооронбай Шариповичтин тажрыйбасы мол адам катары жакшы иштеп, мамлекетти алдыга жылдырат деп ишенем.

-Жыл аягында өкмөт башчыбыз 100 күндүк ишинин жыйынытыгын жар салбадыбы. Канаттандыңызбы?

-Премьер-министрдин укуктары бир топ көбөйдү. Күчтөндү. Эми жакшы иштегенге мүмкүнчүлүгү чоң болуп калды. Сапар Исаков өзү жакшы дипломат эмеспи. Ушул сапатын бийик деңгээлде колдонуп, арабдардын, кытайлардын миллиарддаган долларларын бизге түз инвестиция катары алып келип, экономикабызды көтөрөт деген ойдомун. Өкмөт башчыбыз иштеп жатканына 4 айга жакын убакыт болуп калды. Бул убакытысы өздөрү айткандай өкмөттүн иши менен таанышууга кетиптир. Бул туура эмес. Себеби, өкмөт башчылыкка даяр болуп келиши керек эле. Эми ал өзүн сынап көрө турган иштерден эмес да. Анын үстүнө ал өзүнө жаш, тажрыйбасы аз орун басарларды топтоп алып, бир топ кыйналды. Жыйынтыгын көрүп жатпайбызбы. Толкунбек Абдыгулов иштей албаса да, эшикте калбай, кайра эле Улуттук банктын төрагасы болуп алды. Ал кимдин кадры экенин билбейм, бирок абдан бактылуу жигит экен да. Улуттук банкта иштеп жүргөндө деле чоң ийгиликтерди жарата алган эмес, анда да кыйла катуу сындарга кабылган болчу. Мына ушундай ортозар кадрлар менен өкмөттүн иши, деги мамлекеттин иши алдыга жылышы өтө кыйын да.

-Өткөн жылы жол кырсыктары абдан көп болбодубу. Бул маселе боюнча эмне айтасыз?

-Жүрөктү өйүгөн, эң көйгөйлүү маселелердин бири – ушул жол кырсыктары болуп калды. Бул биздин бүтүндөй бир мамлекетибиздин – трагедиясына айланды. Мекендештерибиз согуштагыдай эле кырылып жатпайбы. Бул абдан өкүнүчтүү.  Биз бул маселеге чечкиндүү чара көрбөсөк болбой калды. Бул да болсо бийликтин шалаакылыгы, жумшактыгынан улам болуп жатат. Себеби, «Коопсуз шаар» долбоорун эчак эле ишке ашырышыбыз керек эле. Макул, Бишек, Ош шаарлары бул маселе боюнча соттошуп, чечише албай жатат дейлик, бирок андан башка  Жалал-Абад, Кара-Балта, Кара-Кол сыяктуу чоң шаарларыбыз «Коопсуз шаар» долбоору боюнча соттошкон жок да. Андыктан Кара-Колдон Кара-Балтага чейинки жолго видеокөзөмөлдү коюп коюшсун. Канча деген адамдарыбыздын өмүрү сакталып калат эле. Камера деген эч кимдин таяке-жээни эмес, жол эрежесин бузгандардын баарын катары менен тарта берет. Жол эрежесинен чогулуп жаткан айып пулдарды көбөйтүшүбүз керек. Себеби, жол кырсыктарындагы өлүм-житимдин басымдуусу ушундай чоң шаарда болуп жатпайбы. Казакстанда светафорго токтобой кетсең, айып пулга 100 доллар төлөйсүң. Бир жолу төлөгөндөн кийин, экинчи токтоп, көздү чоң ачып каласың. Мен ЖКда Транспорт боюнча комитетте мүчөмүн. Биздин комитетте жазылган адамды сүзүп өлтүргөн айдоочуларга жазаны күчөтүү боюнча мызам долбоорун жакында эле кабыл алдык. Себеби, бизде киши сүзүп өлтүрүп, эркин жүргөндөрдүн көбүн көрүп жатпайбызбы. Кыскасы, жол кырсыктарын көбөйтүү үчүн чечкиндүү кадамдарга барбай жатат. Эч кандай реформа жок. ИИМдин курамы союз кезде кандай болсо азыр деле ошол бойдон калды. Союз кезде машинелердин саны 100 миң болсо, азыр 1 млн. 300 миң.

(Уландысы бар)

Урмат Кабылбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here