Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылынын 34 жаштагы тургуну Кундуз Кожоналиева бүгүн, 8-январда онунчу баласын төрөдү. Бул тууралуу анын жакындары Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.
Алардын айтымында, Кундуз Кожоналиева 2002-жылы турмушка чыккан. Жолдошу экөө буга чейин 9 баланы тарбиялап жатышкан.


«Турмушка чыкканыма быйыл 16 жыл болду. Жолдошум экөөбүз 9 баланы тарбиялап, бактылуу өмүр сүрүп келе жатабыз. 2002-жылы жолдошум мени ала качып кетип, отурбай үйгө келе бергем. Бирок апам «бир элбиз, бир жербиз» деп, кайра алып барып отургузуп койгон. Ошентип 2003-жылы бир кыздуу, 2004-жылы дагы эгиз кыздуу болдук. Быйыл алар 7-класста окуп жатышат. Андан кийин 2005-жылы, 2008-жылы жана 2009-жылы төрөлгөн үч кызым, 2012-жылы төрөлгөн уулум, ошондой эле 3 жаштагы кызым жана эки жаштагы уулум бар. Бүгүн дагы кыздуу болдук», — деди Кундуз Кожоналиева.

Ал учурда оор турмушта күн кечирип жаткандыгын баса белгиледи.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here