Өкмөт башчы Сапар Исаков Санжар Муканбетовду вице-премьер-министр кызматына сунуштады.

Исаковдун сунушу бүгүн-эртең Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде талкууланып, 10-январда жалпы жыйында каралат. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Санжар Муканбетов ушу тапта Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты жетектейт. Ал Улуттук банктын жетекчиси болуп дайындалган Толкунбек Абдыгуловдун ордунасунушталууда.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here