Сокулук районунун Раздольный айылынын тургуну 33 жаштагы Альбина Наврузованын жети баласы бар. Улуу кызы 12 жашта болсо, кичүүсүнүн жарык дүйнөгө келгенине бир айдын гана жүзү болуптур.

«Жолдошум убактылуу иштебей эле» деген баатыр эне балдарын эптеп багып жатыптыр. Кечкисин жанындагы кафелердин бирине барып пол жууп иштейт. Ал жактан тапкан акчасы күнүмдүк тамак-ашка араң жетет экен.

33-летняя мать-одиночка Альбина Наврузова, живущая в селе Раздольный Сокулукского р-на кормит ребенка
33 жаштагы Альбина Наврузованын жети баласы бар

Sputnik Кыргызстан агенттиги көп балалуу эненин абалынан кабар алганча турмуш-шарты менен таанышып келди.

Редакциябыздын почтасына «жети баланын апасы жардамга муктаж» деген кат келип калды. Бизге кат жөнөткөн адамдар менен байланышып, баатыр эненин абалынан кабар алганы жөнөдүк. Алдыбыздан келиндин 10 жаштагы баласы тосуп алып үйүн көргөзүп барды.

Дети многодетной матери-одиночки Альбины Наврузовой, живущие в селе Раздольный Сокулукского р-на
Улуу кызы 12 жашта болсо, кичүүсүнө бир гана ай болгон

Эптеп шыбалган, терезеси илгеркидей жылтырак менен жылууланган, эки бөлмөлүү үйдүн жанына келип токтодук. Ал эки бөлмөлүү делген менен кире бериши толук бүтө элек экен. Майда-барат оокаттарын ошол жакка чыгарып коюптур. Байпакчан бассаң буттан сыз өтөт, муздак. Көрсө бир бөлмөдөн эле кыштап чыгышат экен. Балдарына деп аз-маз таттуу алып алгам. Кирээрим менен мотурайган балдар дароо эле колумду карады. Баары тең биринин артынан бири быжырап «саламатсызбы, келиңиз, жакшысызбы» деп учурашып тосуп алды. Сүйүнүп калдым. Бирок жашоо шартын көрүп ичим ачышты. Эптеп эле күн өткөрүп жатышкандай…

Дети многодетной матери-одиночки Альбины Наврузовой, живущие в селе Раздольный Сокулукского р-на
Жолдошу учурда иштебейт

Альбина Наврузова менен жолдошу балдарына айына 3500 сомдон жөлөк пул алып турат. Анысы балдардын тамак-ашы менен кийим-кечесине өп-чап жетет.

«Жолдошум ар кандай майда-чүйдө жумуштарда иштейт. Бирок азыр кыш болуп жумуш деле жок. Өзүм болсо кечкисин жакынкы кафелерге барып пол жууп 200-300 сом табам. Аным жаңы төрөлгөн кызымдын жалаяк менен сүтүнөн ашпайт. Төрт балабыз мектепке барат, аларга да айына фондго 100 сомдон, ысык тамакка эки балама 70 сомдон беребиз. Айрымдар төрөгөндөн кийин баксын да деп жиндениши мүмкүн, бирок кээде шарт ушундай болуп калат экен… Жолдошум кээде ичип да коет», — деди көп балалуу эне.

— Бул өзүңөрдүн үйүңөрбү?

— Жок, кайнагамдын үйү. Акы төлөбөй эле жашайбыз, бирок өзүбүз үйлүү болсок дегенден эки көзүбүз төрт. Жер алганга аракет кылып жатабыз.

Железная печь в дома матери-одиночки Альбины Наврузовой, живущие в селе Раздольный Сокулукского р-на
«Баатыр эне» өзү кечкисин жакынкы кафеде пол жууйт

— Көп болдубу ушундай шартта жашап жатканыңарга?

— Бул үйдө жашаганыбызга эки-үч жыл болду. Ага чейин батирлеп жүрчүбүз.

Жаш баатыр эне менен маектешип жаткан маалда сырттан жолдошу кирип келип «жерибиз бар, ошого аракет кылып, бирок көптөн бери алалбай жатабыз. Балдарыбыздын курсагы ток, эптеп багып жатабыз» деп кайра чыгып кетти.

Баарынан да балдарга боорум ооруду. Алардын бири-бирине күйүмдүү, жароокер, анан да аракетчил экени бир көргөндө эле байкалды.

Дети многодетной матери-одиночки Альбины Наврузовой, живущие в селе Раздольный Сокулукского р-на делают уроки
Төрт баласы мектеп окуучусу

— Эже, сиз көп кабаттуу үйдө жашайсызбы?

— Жок, жер тамда эле.

— Канча бөлмөлүү?

— Көп эле

— Ммм… бизге төрт бөлмөлүү үй болсо деле жетет эле…

Дети многодетной матери-одиночки Альбины Наврузовой, живущие в селе Раздольный Сокулукского р-на
Тапкан акчасы күнүмдүк тамак-ашка аран жетээрин айтты

Эмне деп айтаарымды билбей калдым. Көп балалуу үй-бүлө жардамга муктаж экен дегенди укканда мен деле «алына жараша төрөбөйбү» деп ойлогом. Бирок мотурайган балдардын жайнаган көздөрүн көргөндө, кичинекейин чоңу ала калып багышып жатканын байкаганда «ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт» деген кыргыздын кеби эсиме түштү.

Булак: sputnik.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here