Чагылган: Жогорку Кеңештин  «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун Ноокат районунун Жал айылындагы үйүнөн мергенчилик эки курал жоголгону маалым болду. Бул тууралуу депутат өзү “Азаттыкка» мындайча билдирген:

— Шартка байланыштуу өзүмдүн туулган айылым Жалдагы үйдө убактылуу эч ким жашачу эмес. Анан Кызыл-Кыяда жашаган агам барып, кабар алып турчу. 5-январь күнү барса эшикти бузуп, ууру кириптир. Карап чыкса, ок атуучу эки куралды уурдап кетишиптир. Куралдар — кадимки эле аңчылык мылтыктар. Лицензиясы, уруксат кагаздары бар, мага расмий катталган. Анан дароо эле арыз жазганбыз. Азыр милиция иликтөө жүргүзүп жатат.

Куралдардын үлгүсү «Сайга МК» жана «ТОЗ-34 экенин күч кызматтары ырастады. Бул куралдарды айылдан эле билгендер алышса керек. Көп өтпөй табылып да калаар.

Жамалдиновдун айылдагы эч ким жашабаган үйүндө эле ушундай мыкты үлгүдөгү мылтыктар болсо, бу Бишкектеги үйүндө кандай куралдар бар болду экен? Жок дегенде снайперлердин бир нече түрү бар болсо керек. Жамалдиновду экс-президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элинин душманы деп атаган жайы бар. Бул адам Бакиевдин «Ак жолу» менен ЖК депутат болуп келип,  «Каркыраны» казактарга карматкандардын бири катары белгилүү.

Албетте, бул курал маселе Жамалдиновго эле тиешелүү эмес, бардык башка депутаттардын баарына тиешелүү. Маселен, Пирматов, Жапаров, Чудинов, Бакчиев баштаган артында калбыры бар, капчыгы калың, атагынан чатагы арбын депутаттар бул курал маселесине келгенде, өз үйлөрүнө бүтүндөй бир арсенал кылып топтоп коюшса керек. Себеби, бу байларыңдын жаны оголе таттуу болот. Байлыктарын, өз жандарын сактоо үчүн баарына барышат. Коркушса, көзүнө  «кош» деген нерседен бир эмес, миң ирет көрүнөт. Андыктан, депутаттардын курал сактоо маселесине коомчулук кайдыгер карабашы керек… Мансап менен байлык курал топтоого өзүнөн — өзү эле жетелейт эмеспи. Укук коргоо органдары карпайым адамдардан курал табылып калса, аны тим эле коён көргөн бүркүттөй баса калышат. Ошол өздөрүн бүркүт сезишкен укук коргоочулар депутаттардын толгон-токой куралдарынын мыйзамдуулугун бир рейд кылып, текшерип көрүшсө дурус болмок.

Береги сүрөттөрдөгү куралдар Жамалдиновдун уурдалган куралдарынын үлгүсү…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here