Ноокат районунун Кара-Таш айылында тоонун арасында кечээ, 7-январда уюштурулган улак тартыш оюну өзгөчө кызуу өттү. Улак тартышка Өзбекстан жана Кыргызстандын облустарынын топтолгон улакчылар түштү, деп билдирди кабарчы.

Ал эми, аттардын саны миңге жетип, оюнга күбө болгон көрүүчүлөрдүн саны 5 миң адамдан ашкан. Улак тартыштын байгесине акчалай белектер, 30 кой, 25 тай, 10 төө, 2 автоунаа жана баш байгеге атайын даярдалган алтын кур коюлуп, жыйынтыгында алтын курду Дурус аттуу улакчы тагынды. Ал эми, автоунаа Нуржигитке буйруду. Ошондой эле, башка катышуучулар акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Кыргызстанда байгеге биринчи жолу алтын кур коюлган улак тартышты жергиликтүү тургун Жоомарт уулунун сүннөт тоюнда уюштурган.

Жоомарт уулу Нурмухамед

Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here