Индияда ала качып келген жигитти тапанча такап үйлөнтүп коюшканын өлкөнүн коомдук NDTV каналы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ойго келбеген окуя Индиянын чыгышында жайгашкан Бихар провинциясынын Патна шаарында болгон. Жергиликтүү заводдо иштеген 29 жаштагы Винод Кумарды досунун үйлөнүү үлпөтү өтүп жатканда уурдап кетишкен. Кыздын туугандары жигитти алдап алып чыккандары айтылууда.

Нике тоюндагы ролик социалдык тармактарга жайылып кетти. Кадрда күйөөнүн ыйлап, тийиштүү каадаларды жасоодон баш тартып жатканын көрүүгө болот.

«Биз болгону экөөңдү үйлөнтүп жатабыз, өлтүрүп жаткан жокпуз. Ыйлаба!» — деп жаткан кыздын туугандарын угууга болот.

Видео тарап кеткенден кийин полиция иликтөө иштерин баштаган. Жабырлануучу үйлөнүп жаткан кызды эч качан көрбөгөнүн айтып берген.

Күчкө салып үйлөнтүү же «Pakudua Vivah» деп аталган расмис Индиянын айрым штаттарында кадимки көрүнүш катары кабылданат. Мындай кадамга адатта жакшы сеп даярдоого кудуретсиз үй-бүлөлөр барат.

Булак: «sputnik.kg»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here