Чагылган: Белгилүү болгондой Азис Батукаевди Атамбаевдин тушунда Нарындагы түрмөдөн ардактап чыгарып келишип, аэропорттон кызыл килем төшөп узатып жиберишкен. Ал тургай ошол кездеги Акыйкатчы Турсунбек Акун аны бир нече күндөн кийин «»өлөт, оорусу жаман» -деп ыйлактап, сыздап жиберген эле. Өлөт деген Батукаев андан бери өлбөй-этпей, куландан соо болуп, Чечняга барары менен жаш кызга үйлөнүп, кайрадан кутуруп, бир эмес, бир нече кылмыштын автору болуп, абак артына олтурууга жетишкен. Кыскасы, 3-4 жылдан бери Батукаев тууралуу ар кандай маалыматтар орус ЖМКларында кез-кези менен чыгып жатат. Айтор, унутулган жок. Унутулмак турсун, анын крим чөйрөдө таасири күчөп жатканы байкалат. Бул ирет орус ЖМКлары  Орусиянын атайын кызматы билдиргенине таянып Азис тууралуу жаңы маалыматтарды жазып чыгышты. Батукаевдин тарапташтары аз күн мурун Москвадагы таасирдүү делген мыйзамдагы уурулардын бири Надир Салифовдун (каймана аты Гули)  тарапташтары Москва шаарында жайгашкан  үч ири  базарды көзөмөл кылууну талашып, чечишүү үчүн  «разборкага» чогулушкан экен. Негизи ал базарлар башынан эле Гулиге «таандык» болуп келген. Ортодон Батукаев өзүн кыйын сезип, ага кыр көрсөтүп жатканына таңкалгандар көп. Бирок, «разборка» өз деңгээлинде бүтөлек кезде күч органдарынын атайын тобу кылмыштуу топтун өкүлдөрүнүн жаңжал чыгаруусун токтотуп калышкан. Жыйынтыгында Гули тараптык 15 азербайжан, Батукаев тараптык делген 10 чечен жигит кармалып милиция бөлүмүнө киргизилгени айтылат. Салифов Батукаевдин мындай «өнөрүнө» жини шакардай кайнап, 700дөн ашуун куралданган балдарын алып чыкканы айтылат. Анткени Гули ж.б. «вор закондор» Азисти Грозныйдын деңгээлиндеги гана кримавторитет катары санап келиптир. 

Гули.

Батукаев болсо Салифовго маселени тар чөйрөдө чечишүүнү сунуш кылген дешет. Бул жагын эми ким билсин. Дагы тактала элек жагдайлар болсо керек. Батукаевдин артында азырынча кайсы «лөк» турары айтыла элек. Негизи ал башынан эле КМШнын крим чөйрөсүн кармап жаткан Шакро Молодойго жакындоонун амалын көрүп жатканы кабарланган. Бирок экөөнүн жолугушуусу ушул убакка чейин боло элек экен. Москванын таасирдүү «вор законуна» тиш салуу үчүн Шакронун «добросун» алыш керек эле деп жазышкан орус ЖМКлары. Ошентип, Батукаевдин өз мекенине ардактап узаткан атка минерлер азыр деле анын ак батасы менен агарып-көгөрүп, жыргап жүрүшөт. Алар качан жоопко тартылат белгисиз? Батукаевдин колунан каза тапкан кыргыз жигиттеринин арбактары ал атка минерлерди жөн койбосо керек. Эми бул жагын убакыт көрсөтөөр…

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here