Чагылган: Бишкектеги нике агентикттеринин биринин жетекчиси Роза Иманалиева  «Суптникке» агенттикке күйөө табуу максатында кайрылган кыздардын, эркектердин  айрымдары тууралуу айтып берген. Анын айтымында кыздардын көбү бай күйөлүү болгусу келсе, эркектер өз жашына, шартына карабай жаш жубайлуу болгулары келишет экен. Роза айым, Бишкекте бизнес ачкан бир араб шейхи тууралу кызыктуу фактыны ачыктаган. Бирок аты-жөндөрү ачык айтылбайт. Ал арабдын буга чейин бир нече аялы болгон. Бишкекте көп жүргөндүктөн бул жактан да ислам шарты менен дагы бир аял алгысы келип, 20-27 жаштардагы, тазалыкты кармай алган, тамак жасай алган кызды таап берүү боюнча агенттикке  кайрылган. Иманалиева ал бай арабга өзү каалагандай кызды таап беришкенин белгилеген. Ошондо Бишкектик кыз ал арабдын бери болгондо 3чу, же 4- аялы болду десек болот. Бул маалыматты казак ЖМКлары да жазып чыгып, алар да «укмуш» жанылык кылып жатышат.

Бул эми бир эле мисал. Мындай мисалдар толтура эмеспи. Ата-энесин, туугандарын, айтор бүтүндөй Кыргызстанды дили, дини, ниети башка, болгону байлыгы арбын кытайларга, арабдарга, түрктөргө, корейлерге  ж.б. алмаштырып, 3-4 аял болуп кетишкен  акылсыз кыздарыбыз аз эмес. Байлык менен өзүн эң бактылуу сезгиси келген кыздарды эстүү деп айтууга болбос…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here