Социалдык сетке эмнелерди гана жазышпайт. Акыркы жылдарда соцсеттерде олтургандардын көбү жүздөрүн көрсөтпөй, фейк болуп алышып, кимди жаман көрсө, ошону шыбап жатып калмайды адатка айлантышты. Бул көрүнүш токтомок тургай, барган сайын күчөп баратат. Чынында: алсыз, жеткен ушакчы, коркок, эки жүздүү адамдар гана ошондой  фейк менен киришет соцсеттерге. Инстаграмда “miku1185” аттуу колдонуучу белгилүү ырчы Анжеликаны «Кыргызпатенттеги» Марат  (мурунку жетекчиси Марат Назарбеков) деген менен «ойнош» деп жазып, чогуу түшкөн сүрөттөрүн илип, экөөнү Москвада ж.б. жактарда эс алдырып, ырчы айымга үй саттырып берип, айтор ушундай укмуш жомокторду улам сериал кылып жарыялап жаткан экен. Аны айрым ЖМКлар далил жоктугуна карбай, сайтка чыгарып жиберишти.

Ошентип, бул маселе кызуу талкууга түштү. Ал эми Анжелика менен Марат Назарбеков азырынча бул маселе боюнча унчугуша элек. Биз билгенден Марат мырза  бир нече жыл «Кыргызпатентти» жакшы башкарган. Бул мекеме чыгармачыл адамдардын эмгектерин, автордук  укуктарын коргойт эмеспи. Андыктан жетекчилик ар бир чыгармачыл адамдар  менен тыгыз байланышта болбосо да, иш боюнча мамиледе. Ар кандай иш -чараларда алар менен бирге чогуу сүрөткө түшүшөт дегендей… Бул жагы эми түшүнүктүү. Береги сүрөт деле ошондой учурлардын бири болсо керек. Бул сүрөттө Марат Анжеликага чыгармачылыкка байланыштуу бир нерсе тапшырып жатканы тартылыптыр.

Кыскасы, «ойнош» деген маселеге жокко чыгарылгыс  далил керек.

Кыскасы, такталбаган маалыматты таратуу эч кимге аброй алып келбейт. Андыктан, фейктер Кудай алдында жооп берер күн алыс эмес. Ал эми бул маселе боюнча Анжелика менен Марат мырза да өз ойлорун билдиришер… Анын үстүнө ким менен кимдин канда йиши бар. Жеке жашоого эч кимдин кийлигишүүгө укугу жок. Бирок мунун ойлогон бирөө жок. Жок жерден мурдуларын тыгып жатышпайбы…

Баса, буга чейинки Анжелика тууралуу тараган ар кандай маалыматтардын көбү такталган эмес..   

Автор: Кызбурак Токтосунова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here