Чагылган: Аламүдүн районунун Аламүдүн айылындагы  жол кырсыгынан улам бир аял 5 жашар кызы менен кошо каза болгонун  Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады.  Окуя бүгүн таңкы саат 8ге жакын жүз берген. Жолдон өтүп бараткан энеси менен кызды айдоочу сүзүп кеткен. Тез жардам келген кезде кыз каза болуп калган. Ал эми анын энесин оор абалда ооруканга алып келинип, ак халатчандар операция кылып жатышканда, жүрөгү токтоп калган. Маркум аял болжол менен 40-45 жаштарда.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here