Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайы жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбековдун аялы Осмонова Айгүл Темировна 68 жашында узакка созулган оорудан улам каза тапканын кабарлады.

Жаныш Рустенбеков 1987-жылдан ушул кезге чейин жооптуу кызматтарда иштеп келет. 2000-жылдарга чейин Ош облусунун губернатору, Президенттик аппараттын башчысы, мамлекеттик катчы болуп иштеген. 2000-2005-жылдары ЖКда депутат, 2007-жылы ӨКМ министри. 2011-жылы ажолукка ат салышкан. Андан кийин Кыргызстандын Казакстандагы элчиси, жашы 70ке таяп калган Жаныш мырза 2014-жылдан бери Түркмөнстанда элчилик кызматты аркалап келет. Эки кыздын атасы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here