Чагылган: Элдин көчөгө чыгып, көтөрүлүшүнө, мамлекеттик деңгээлде баш аламандык уюштурганга салым кошту деген айып менен экс-президентти бийлик камакка алды. Белгилүү болгондой акыркы он күндөн бери Иран ислам мамлекетинде баш аламандык  болуп, толкундоолор орун алып жатат. Иранды 2005-2013-жылдары башкарган Махмуд Ахмадинежад ошентип бүгүн камалды. Ал баш аламандыкты уюштурган деп күнөөлөнүүдө.

Иранда бир жумадан берки саясий системага жана бийликтеги коррупцияга каршы нааразылык акцияларындагы кагылыштарда 20дан ашуун адам өлүп, 1700дөн ашык адам камалды. Иран бийлиги акцияга 40 миңден ашык адам чыкканын маалымдаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here