Электр энергиясына болгон тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу парламент жыйынында Улуттук энергохолдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ал азыркы тариф баалары сакталаарына убада берүүдөн алыс экенин айтты. Учурда электр энергиясынын 2022-жылга чейинки жаңы тарифтери иштелип жатат.

Буга чейин кышкы жылытуу мезгили аяктамайынча тарифтер көтөрүлбөйт деп айтылган. Бирок учурда иштеп жаткан тарифтерди өзгөртпөсө энергетика тармагы банкротко учурай турганын энергетиктер айтып келишет.

Бүгүнкү күндө жарандар электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин колдонсо 77 тыйын төлөйт, ал эми нормадан ашык пайдаланган учурда киловаттына 2,16 сом төлөйт.

Эскерте кетсек Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын экспорттойт. Бул жылы экспорттун көлөмү жогорулашы айтылган. Өзбекстанга экспорттолгон электр энергиясынын баасы элге сатылган баадан кыйла арзан экени маалым.

Бирок 7-апрель революциясынын келип чыыгышы дал ушул электр баасына да баланыштуу болгонун зыркы бийлик эч качан унутпашы керек. Эл электр баасынын кымбатташына абдан кымбат. Андыктан, бийлик бул маселени эл менен кенешиши зарыл. Болбосо, кызуу кандуу элибизди ким токтото алат, айткылачы, байболгурлар…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here