Weibo социалдык түйүнүндө куурулган балыктын кыймылдап жаткан видеосу чыккандан кийин, аны көргөндөрдүн саны арбыган.
Видео Кытайдын Хунань провинциясындагы жаңы жылдык кечелердин биринде тартылып алынган. Анда куурулган балыктардын бири кыймылдаганын көрүүгө болот. Соц колдонуучулар балыкты өлтүрбөй эле бышырган ашпозчуну күнөөлөсө, кээ бири чала өлгөн балыкты жеп жиберген өтө коркунучтуу экенин белгилеген.
Ал эми Британиялык Metro басылмасында балыктын жүрөгү менен мээси өлгөндөн кийин деле клеткалары кээ бир көрүнүштөрдү сезип тураары жазылган.