Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун билдирүүсүн  басма сөз кызматы таратты. Бул кайрылууга маданият мекемелеринин биринин жетекчилиги министрди жаңы жылы менен куттуктап, үстүнө кийит жапканы себеп болгон экен. Ошондон улам Султан мырза: «Кесир болбосун, бирок чоңдорго чапан жапкан адаттан арылалы. Бакай калпак менен кементайды карылык доорун сүрүп жаткан карыяларга жабат. Экинчиден, бул кийитке акча кетти. А сиздер «айлыгыбыз аз, көтөрүп бергиле» деп өкмөттүн каалгасын жыртып келе жатасыздар. Биз, маданият адамдары, башкаларга үлгү болушубуз керек. Андан көрө мага системаны оңдоо тууралуу алгылыктуу идеялар менен келгиле» -деген.

Султан мырзанын бул кадамы колго аларлык. Чынында Маданият министрлигинде кошоматчылар, коррупционер жетекчилер толтура. Министр ошолорду тазалаганга эрки жетеби? Мынча болду ошол чапан кийгизгиси келген жетекчинин атын ачык эле айтса болмок, биротоло эрдик кылып.

Бирок кыргыздын чапан жапмай, ак чапанды, көк чапанга алмаштырмай адаты оной менен кала койбойт го. Анткени, кошоматчылык деген жаман неме каныбызна синип кеткен да. Ошентсе да…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here