2015-жылы эшектин эти сатылып жатканы боюнча чуулгандуу окуя Кыргызстанда катталган. Андан көп өтпөй өлкөнүн түштүгүндө Кытайга эти экспорттолуп жаткан эшек фермасы бар делип, социалдык тармактарда кызуу талкууланган. Кийинчерээк, мындай окуя коңшу Өзбекстандын Самарканд шаарында катталып, өзбек коомчулугун да дүрбөткөн. Бирок, азыркы тапта дүйнөдө эшек фермасын ачуу жана анын эти менен терисин экспорттоо кадыресе көрүнүшкө айланганын The New York Times басылмасы жазды.

Учурда дүйнөдө эшек эти жана терисинин экспортунун башында кытайлыктар турат,-деп жазган АКШнын алдыңкы басылмаларынын бири  The New York Times. Алар учурда Кенияда жайылып жаткан эшек бизнеси тууралуу репортаж даярдашкан.

Анда эшектер аёосуз өлтүрүлүп, жадагалса айрым айылдарда эшектер массалык түрдө уурдалганы тууралуу кеп болот.

Дүйнөнүн бардык бурчунда, элдер эшекти транспорттук унаа катары пайдаланылып, үй жаныбары катары көрүшөт. Бирок, бир гана Кытайда эшектерди таптакыр башка максатта колдонушат,-деп жазган The New York Times.

Кытайда көптөн бери эле эшек терисинен жасалган желатин медициналык каражат катары иштетилет. Кытайлыктар,эшек терисинен жасалган желатин адамды жашартат деп ойлошот. Мындай желатин Кытайдагы дүкөндөрдө ачык эле сатылат жана кардарлары да көп. Эшек терисинен алынган желатин варенья сыяктуу болуп кытайча «эхиао» деп аталат. Мындай «эликсир» 2010-жылы калк арасында кеңири жайыла баштаган. ал кезде бир футу 9 доллар болсо, учурда бир фут желатиндин баасы  400 доллар турат. 2010-жылы Кытайда 11 млн эшек болсо, жаңы «эликсир» ойлоп табылган соң, эшектердин саны үч миллион гана калган. Мындан улам кытайлыктар дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн эшек терисин экспорттоону жолго коюшкан.

Times басылмасы кытайлыктар алгач эле Кыргызстан, Мексика жана Бразилиядан массалык түрдө эшек териси сатып алышканын жазган. Кийинчерээк алар Африкага чейин барышкан. бир эле кыштакта 445 эшек жоголгон. Мындан улам Африканын 14 мамлекети жана Пакистан (эшек маанилүү транспорт каражаты катары колдонулган өлкөлөр) эшек экспортун мыйзамдаштырууга мажбур болгон. Бул жол менен эшектерди уурдоо азайтуу каралган. Бирок Кенияда бир эшекке 60 доллардан 165 долларга чейин төлөшөт. Мындан улам эшектерди уурдоо дагы деле күч алууда. Учурда Африкадагы айрым мамлекеттерде эшектин терисин саткан дүкөндөр да пайда болгон.

«Бул бизнес адамдарга көп пайда келтирип жатат »,- деген Кениядагы эшек фермасынын  директору Жон Каиуки. Мурда элдер балдарынын мектеп каражаттары үчүн уй, кой, эчкилерин сатса, эми эшектерин сатышууда. Кениядагы «Goldox Kenya LTD» эшек фермасы күнүнө 450 эшектин терисин кабыл алат. Бул бизнестен  Кения өкмөтү да пайда көрүп жаткандыктан, буга эч ким каршы чыккан эмес.

Америкалык басылма, эшек бизнесине арналган макаласында кытайлыктардын жаш көрүнүү аракети үчүн дүйнөдө миллиондогон зыянсыз жаныбарлар жок болуп жатканын акыйкатсыздык катары баалайт. Ошондой эле жаныбарлар аёосуз жырткычтардай союлуп жатканы да адамзаттын кемчилиги экенин белгилеген жана адамзат акча табуу максатында чыныгы жырткычка айланып бараткансыйт деп жазган.

Булак: «maral fm»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here