Жыл сайын жаңы жыл астында президенттик балаты өтүп ага өлкөнүн чар тарабындагы окуучулар топтолот. Өлкө башчысынын майрамдык иш-чарасына окуунун алдыңкылары, аз камсыз болгон үй-бүлөдө чоңойгон балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жаш өспүрүмдөр катышат жана ар бир облус үчүн алардын саны чектелүү болот.

Тилекке каршы, бул жылы дал ушул президенттик балатыга айрым чоңдор мурдун тыгып, өз балдарын кошуп жаткан окуя катталды. Алсак, Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саттарова Чынара Осмоновна Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев орто мектебинде билим алган 2008-жылы туулган уулу Байел Абдухалилович Шамшиевди Баткенден кошкон. Баткен облусу үчүн 20 балага чакыруу барганын эске алганда Чынара айымдын бул жоругу жеткен уятсыздык. Аталган облуста 500 миңдей калк жашап, президенттик балатыны эңсеген татыктуулар миңдеп саналат. Ал эмес жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр да ушундай “ач көз” жетекчилердин аракети менен майрам алдында көңүлдөрү чөгүп отурат.

Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун башчысы Мээринса Айжигитованын айтымында, президенттик балатыга катышуу үчүн кезекте турган балдар да ара жолдо калган. Эреже боюнча президенттик балатыга бара турган балдарды тандоо Баткен облустук билим берүү усулдук борбору тарабынан жүргүзүлүшү керек болчу. Бирок, мындай укукту облустук жетекчилер өздөрүнө менчиктеп алып каалаганын жасаган. “Бизге өлкө башчысынын балаты майрамына карата атайын жобо жөнөтүшкөн. Буга чейин биз район-шаарлардагы жобого ылайыктуу балдарды тандап алышыбыз керек эле. Жобо боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энесинен ажыраган балдар, олимпиадаларда мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуунун алдыңкылары тандалышы керек. Бирок быйылкы жылы облустук администрация балдарды тандоо милдетин өздөрү алышкан. Биз болгону Билим берүү министрлигинен жобону алып, балдардын даяр тизмесин жөнөттүк. Тизмени облус жетекчилигинин социалдык өнүгүү жана мониторинг бөлүмү тактаган”, — дейт Мээринса Айжигитова.

Биз билгенден Ч.Саттарова Баткендеги бардар үй-бүлөнүн кызы. Анын атасы Осмон Саттаров белгилүү дарыгер жана өмүр бою элге ак кызмат кылып келген адам. Эми минтип анын кызы бийлигине таянып, жетим балдарга берилген квотаны өз баласына ыйгарып жатканы уят. Өз көмөчүнө гана күл тарткан мындай жетекчилер мамлекеттик кызматтарда иштебеши керек жана тиешелүү органдар буга чара көрсүн. Бир жетимдин “ырыскысын” тартып алган шылуундар элге кантип жакшылык кылсын. Президент Жээнбеков, же анын аппараты  мына ушундай маселени да текшерип койсо…

Абдырахман Осмонжанов

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Аябай жаман эле болуптур мында бир эле Чынара Саттаровна куноолуу болбосо керек. Шаардын вице-мэри тандап берет да тизмени.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here