Талас районунун Кум-Арык айылынын 52 жаштагы тургуну Орозгүл Султанова 2002-жылы Памирден 2 баласы (1 кыз, 1 бала) менен жаңы келгенде кул катары иштеткендер болгон. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы «Тагдыр» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Памирдеги жашоо

Биз Памирден туулуп өстүк. Памирдин жашоосун сөз менен айтып бүтө албайсың. Ал жакта мындай жашоо жок. Жашаган жерибиз жайкысын алачыкта, кышкысын үңкүрдө күн кечирчүбүз. Тамак-аш катары болгону эт менен курсак тойгузуу, кат-сабат деген жок. Баарыбыз окуу, жазуу эмне экенин билбейбиз. Окуган китебибиз Куран китептер. Күндүн суугунан жайында беттерибиз түлөп, кышында беттерибиз эмес, буттарыбызда жарылып кетчү. Кийим кийгенди эмес, дааратканага отурганды да билбейбиз. Ал жак ээн талаа болгондуктан алысыраак барып отуруп келчүбүз. Ал эми алачыктарыбыз бири-бирибизге алыс эмес жайгашкан. Ал жакта кыздар 13-14 жашында турмушка чыгат. Болгондо да кызды бир урууга эмес, бөлөк уруудагыларга узатышат. Кыз менен бала жакындан сүйлөшүү деген ал жакта жат көрүнүш. Ата-энелер сүйлөшүп, макулдуктарын беришет. Атайын куда түшүп барбайт. Кыз менен баланын ата-энелери бири-бирин таанышып, жакшы мамиледе болсо эле кудалашып коюшат.

Мен өзүм 14 жашымда турмушка чыктым. Жолдошумду жакшы деле таанычу эмесмин. Экөөбүз 14 балалуу болдук. Бирок 12 балам ачкалыктан, күндүн суугунан каза болуп калышты. Төрөгөндөн кийин атайын дарылануу деген жок. Эптеп бир чүпөрөктөргө ороп чоңойтобуз. Памирде 30 жаштагы аялдар бул жактын 60 жаштагы кемпирлериндей көрүнөт.

Катарынан балдарым каза болуп, 2 балам калды. Алар менен эптеп ачка калбай күн өткөрүп жүрдүк. 2002-жылы мени «Таластагы туугандарыңар болобуз, Таласты көргөзүп келебиз, конок болосуңар» деп Памирден 2 балам менен алып келди.

Таластагы кордук

Бул жака келгенде азыр ойлосом бизди тоого алып барыптыр. Көрө турган кордугубуз ошол жерден башталды. 2 балам менен алар айткан жерге барып иштеп жүрдүм.

Бир күнү күзгө маал «алма тересиңер» деп 2 баламды кошуп, бир айылдагы үйгө алып келди. Ал учурда балдарым окуй элек балдар эле. Ал үйгө келдик, алма багы көп экен. «Терип бүтөсүңөр» дешти. 2 балам менен терип баштадым. Алма эмне экенин, кандай болорун, кантип бышарын ошондо көрдүм. Үйлөрү жомоктогудай, атайын салынган дааратканалар… Мен дааратканага кантип отурат болду экен деп жүрчүмүн. Барган адамдардын артынан аңдып жүрүп, дааратканага отурганды үйрөндүм. Өзүм балдарыма үйрөттүм. Бизди Памирден алып келген адамдар «бул жактан эч жерге чыкпагыла, бул жактагы адамдар силерди көрсө өлтүрүп кетишет, чыкпай иштегиле десе» мен ошол сөзгө ишенип, бул жактан чоочун адам көрсө өлтүрүп кетпесин деп качып, жашынып, жүрчүмүн. Балам алма терип жатып алма жээгиси келгендиктен бир алманы үзүп жеп койгон. Бала да байкуш көзү көрүп туранынан жегиси келди да. Алма бактын ээси келип, баламды көк ала кылып сабады. Арачалап «баламды сабаба, мени ур» деп ыйлап, ортого түшүп баламды коргодум. Ошондо «силер алма бактын түбүнө түнөйсүңөр» деди. Кечке алма терип, түнкүсүн алманын түбүнө уктайбыз. Көрбөгөн кордукту көрдүк, ачка калдык. Кийерге кийим жок, айрык кийимдерибиз менен жүрө бердик. Памирим көзгө учат… Бара турган күнүмдү күн санап күтчүмүн.

Алма терип жашоо бүткөн жок. Ар кимдин жумушунда малай болдук, талаасына иштедик. Чөптөрдү колубуз менен жулуп, иш кылып жүрдүк. 2 балам ыйласа кошо ыйлап жүрө бердим.

2004-жылы бир күнү «Памирге кетем» деп туруп алдым. Бирок иштетип жаткан адамдарга сөз берип, кайра эле келеримди айтып жатып уруксат алдым. Аларга ишеничтүү болуш үчүн 2 баламды таштадым. Бир үйгө барып 2 баламды тааныбаган бирөөлөрдүн үйүнө таштадык. Алар мен кайра келгенче балдарымды карап турушмак болду. Жолума деп колума акча карматты. Кат-сабатым жок, акча эмне экенин билбейм. Колумдагы кагазды Памирге жеткире турган адамдын колуна карматтым. Кетип баратып бир ыйлайм дейсиңер, балдарымды ойлоп, жүрөгүмө эч нерсе барган жок. Аларды менин көзүмчө токмоктошот , мен жок кантет» деген эл ой келип туруп алды. Эптеп Памирге жеттим. Барсам жолдошум ооруп жаткан экен. Аз күндөн соң каза болду. Артынан көп өтпөй сиңдим каза болду. Таласка келгим келбегени менен 2 баламды ойлосом Памирде жашай алчудай эмесмин. Памирде 1,5 жыл жүрүп, кайра Таласка кайтып келдим.

Кайрадан Таластагы кордук

2005-жылдын аягында Таласка кайра келдим. Балам менен кызымды издедим. Мен берген үйдө жок болуп чыгышты. Издедим таппай койдум. Сураштырып отуруп балдарым балдар интернатына өткөнүн билдим. Ал жактан балдарыма жолугуп, Памирдеги окуяларды айтып бердим. Үчөөбүз кучакташып алып ыйлайбыз. Бара турган жерибиз жок көчөдө калдык. Балдарым интернатта, мен болсо ар кимге жалданып иштедим. Ар кимдин малын жайып, кечигип келсем сабашып, оокат бербей ачка калтырышты. Картошка эмне экенин биринчи жолу ошондо билдим. Аны чабам, бышканда казам, капка салып көтөрүп жыйнайм. Ар кимдин эшигинин алдына барып нан сурап, кайырчы болом (көзүнө жаш алды). Баары мени малай дешчү. Кимдин үйүндө жумуш болсо ошолор келип алып кетип жумуштарын кылдыртчу. Ошентип арадан 4 жыл өтүптүр. 4 жыл кордуктун үстүндө бекер иштеп жүрүптүрмүн.

Турмушка чыгуу, базарда иштөө

Бир күнү бирөөлөрдүн үйүнө жумуш кылганы барып калдым. Алардын үйүндө Чүйдөн келип жалданып иштеп жүргөндөр көп экен. Аларга кошулуп мен да иштер жүрдүм. Алар акча санаганды билет. Мен болсо билбейм. Аларга акча берип, мага беришпейт. Эң башкысы ал жерде менин курсагым тойсо эле ошол нерсеге шүгүр кылып жүрө берчүмүн. Ошол жерден азыркы жолдошум Кулукеев Жеңиш менен таанышып калдым. Ал менден 1 жашка улуу. Ага балдарым бар экенин айттым. «Балдар биз менен жашайт» деди. Акыры баш коштук. Экөөбүздүн тагдырыбызды чоңдор угуп жардам катары жер беришти. Экөөбүз 2 бөлмө үй салып жашап калдык. Мен оокат жасаганды билбейм. Эмне тамак жасамак элек, үйдө эч нерсе жок . Бир боорукер адамдар картошка алып келип берип турушчу. Мен аны көрүп «кантип жейбиз, кантип бышырат, курсагыбыз тоёбу?» дей берчүмүн. Жолдошум күндө картошкадан тамак жасайт. Аны сүйүнүп жейбиз. Азыр болсо эң жакшы көргөн тамагыбыз картошка.

Памирден эле кол өнөрчүлүк эмне экенин жакшы билчүмүн. Бул жакка келип курак карап иштеп жүрдүм. Баарына бекер тигип берчүмүн.

Бир күнү бирөө мага «бул жакта деген маянага, акчага иштешет, сен да акчага тигип берем» деп айт деди. Акчаны билбеген жаным канча акча берсе деле ошого макул болуп иштей берчүмүн. Кээ бирөөлөр акча бербей тамак-аш, кийим-кече алып келип беришсе сүйүнүп калчумун. Кечээ жакында эле Талас шаарына каттоонун жол кире акысы 10 сом 20 сом экенин билдим. Эртең менен жумушка баратып 10 сом, кечинде келе жатып 20 сом берем. Талас шаарындагы базарда төшөк тигип иштейм. Тиктире турган адамдарга жанымдагы кыздарды алып келип эсептештирем. Күнүнө 300 сомго чейин акча табам. Кээ бирөөлөр бул акчаны билбейт экен дешип, акчаны бербей кетип калышкандар да болот. Жолдошум да базарда көмүр жүктөп иштеп, күнүнө 200 сом табат.

Азыр Кум-Арык айылында жашайбыз. Үйүбүздүн бир бөлмөсүндө баарыбыз чогуу уктайбыз. Улуу балам (Памирден келген) үйлөнөм дейт. Бирок келин алганга шарт жок. Жолдошум экөөбүз 1 уул, 1 кыздуу болгонбуз. Алар айылдагы мектепте билим алышат. Памирден ала келген балам болсо ар кимге жалданып иштеп жүрөт. Колдонгон буюмдарыбыздын баары эски. Үйүбүздө бирөөлөр жардам деп беришкен бир эле бир кой бар. Аны өлтүрүп албаш үчүн үйдүн төрүндө багабыз. Баштан өткөн кордукту эстесем ыйлап, жеңилдеп алам.

Орозгүл Султанова турмушка чыкканда боорукер адамдардын жардамы менен паспорт алган. Балдарына мамлекет тарабынан жөлөк пул албайт. Сабатсыздыгынан улам аны кандай жол менен алууну да билбейт. 2016-жылы Памирдеги туугандарынын айрымдары Нарын облусуна көчүп келгенин угуп, алар менен бир жолу телефон аркылуу сүйлөшкөн. Нарынга келген туугандары менен көрүшүүнү каалайт. Учурда турмуш-шартын оңдоо үчүн кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж.

https://www.youtube.com/watch?v=RqQuUmhzM7c

https://www.youtube.com/watch?v=rG7u6-WfNO4

Булак: «turmush.kg»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here