Жаш үй-бүлө бирге жашаганына 5 жыл болгонун белгилешкенден кийин, ортодо түшүнбөстүктөрдөн улам жолдошу  (Подмосковья тургуну) Димитрий Грачев жубайы Маргарита Грачеваны токойго алып кордук көрсөтүп, андан соң манжаларын, колдорун балта менен чаап салган. Бирок кансырап өзүн жоготкон абалга жеткенде, боору ооруп кеткенби, айтор аялын ооруканага алып барган. Врачтар Маргаританы 9 саат операция кылышып, аман сактап калышкан. Маргарита жолдошунан ажырашууну сураганда ал ушундай оор мүшкүлгө кабылган. Укук коргоо органдарын мыкаачы күйөөнү өмүр бою эркинен ажыратууну көздөп жатышканын Риа Новости жазып чыкты. Бул кылмышка кызганыч себеп болгондугу да айтылууда. Жубайлардын балдары бар…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here