Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп, акыры «ооруп жатам» деген шылтоо менен Орусияга кире качкан Өмүрбек Бабанов аз күн мурун айласыздан саясаттан кете турганын жар салган. Себеби, түшнүктүү. Ага оор беренедеги кылмыш иши козголгон. Айтор ал козголгон кылмыштан коркуп Кыргызстанга келбей жатат. Эртеби-кечпи, ал боюнча жооп берери турган иш деңизчи.

Ал эми анын парламентте бош калган ордуна БШК  Дүйшалиев Абдыбек Кашымбекович келе турганын белгиледи. Абдыбек мырза, Ысык-Көлдүн кулуну. Ал өмүр бою МАИ тармагында жооптуу кызматтарда иштеп келген. Акыркы жылдары Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорт каражаттарын катто жана айдоочулук курам департаментинин директору болуп эмгектенген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here