Даниянын борбору Копенгагендеги Café 33 барынын кожоюну өзүнүн коллекциясындагы баасы 1,3 миллион доллар турган орус арагынын бөтөлкөсү (водка) уурдалганын билдирди. Копенгагендин полициясы ууру барга кирип, «Русско-Балтийский» аттуу арактын бөтөлкөсүн алып кеткенин 3-январда тастыктады.

«Мен аны Орусиядагы эң кымбат автоунаалар менен арак чыгарган «Дартз» ишканасынан алгам. Ал алты айдан бери менин коллекциямда болчу»,-деп билдирди TV2/Lorry телеканалына бардын кожоюну Браян Ингберг.

Маалыматка ылайык, кожоюн сейрек чыгарылган орус арагынын бөтөлкөсүн камсыздандыруудан өткөргөн эмес.

«Русско-Балтийскийдин» бөтөлкөсүн жасоого үч килограмм алтын жана үч килограмм күмүш колдонулган. Мындан тышкары бөтөлкөнүн сырткы кабы 1912-жылга таандык «Монте Карло» унаасынан алынган булгаарыдан жасалган.

«Албетте, мен капа болуп турам. Ал менин коллекциямдагы 1200 бөтөлкөнүн ичинен эң өзгөчөсү болчу»,-деди кожоюн Браян Ингберг.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here