Чагылган: Орусияда ушул жылдын 18-мартында өтө турган президенттик шайлоого катышууга камынып жаткан  36 жаштагы белгилүү журналист  Ксения Собчак шайлоо фондуна 35 млн рублдан ашуун каражат чогултканын жар салды. Ал телеканалдардын бирине маек берип жатып, Ксения Собчак акчаны ондогон ири бизнесмендер жана достору бергенин айткан. Бирок акчаны кимдер бергенин ачыктаган жок. Бул айым  Орусия президенти Владимир Путиндин насаатчысы жана бир кездеги жетекчиси, Санкт-Петербургдун губернатору болгон маркум Анатолий Собчактын кызы. Өзүнүн ар кандай акылга сыйган жана сыйбаган көз караштары менен кеңири белгилүү боло алган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here