Орусияда 18-мартта өтө турган президенттик шайлоого катышып, президент болуу кыялын көрсөтүп жаткандардын саны арбып жатат. Бирок алардын бири да Путиндин тырмагына да тең келбес. Эң кызыгы Россиянын ичиндеги Дагестан республикасынын муфтийинин аялы жана кеңешчиси «Ислам» журналынын башкы редактору Айну Гамзатова президенттикке өз талапкерлигин койгон.  Анын талапкерлигин 500 адамдан турган демилгечи топ көрсөткөн. Кечээ болсо БШКга документтерин тапшырган. БШК аны каттайбы, каттабайбы, азырынча белгисиз. Талапкер болгон адам БШКга 300 миң адамдын колун топтоп өткөрүүсү керек.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here