Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Калмаматовдун каза болгону маалым болду. Бул маалыматты «Кыргызстан» фракциясынын башчысы Алмазбек Баатырбеков Турмуш сайтына тастыктаган. Баатырбеков:

«Ал бүгүн түнү каза болду. Бир тууганы анын инфаркт болгондугун айтты. Сөөктү Алай районунун Гүлчө айылына алып бара жатышат. Аны кыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең саат 12:00дө болот», — деген.
Ж.Калмаматов 1972-жылы Ош облусунун Алай районунда туулган. 2015-жылы ЖК депутат болуп шайланган. ага чейин ишкерлик менен алектенип келген. Депутаттын арытнда аялы, 9 баласы калды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here