Чагылган: Чүйдүн Москва районундагы Беловодск айылында кечээ түнү эки адам киши колду болуп каза тапканы маалым болду. Бул тууралуу турмуш жазып чыкты. Маалыматта 1-январда таңкы саат төрттө бир нече адам бир үйгө кирип келишкен. Үйдө 4 адам болгон. Эки аял жана экркек жана кичинекей бала. Түн жамынган кара ниет каракчылар менен кармаш болгондуктанбы, айтор алар үйдөн эки адамды атып салышкан. Дагы бирөө учурда ооруканада оор абалда жатканы кабарланат. Алар кичине балага тийишкен эмес. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп баштаган. Кылмыш болгон үй Крещина көчөсүндө орун алган. Каза тапкандар аялдын бири оор абалдагы кишинин кайын энеси болсо, экинчиси – жубайы. Кайын энеси башына тийген октон ошол жерде көз жумган. Ал эми экинчи аял арт жагына тийген октон оор жаракат алган. Аялды мыкаачылар башка атып өлтүрүшкөн. Ал эми ооруканда жаткан адам үй ээси, 40-45 жаштарда. Ок анын ээгине тийген. Ал Бишкектеги оорканалардын бирине алынып келинген. Кошуналардын айтымына карганда бул үй-бүлөгө кол салуу болгондон кийин үйдөн акча жоголгон. Кылмышкерлер үйдө 100 миң сом бар экенин билип, ошону алганы келишкендиги айтылат.
Үй ээси колбаса чыгарган компанияда иштеп келген. Жубайлар эки кызды тарбиялап жатышкан. Кенжесине  2 ай толгондугу айтылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here