Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын көптөн бери айтып келаткан Амеркианы ядролук курал менен жок кылуу кыялын жыл аяктап, жаңы-жыл юаштап жатканда дагы бир ирет айтты. Ал  ядролук куралдар менен АКШнын бардыгын жок кыла тургандай күчтө экенин  баса белгиледи. Ал:«АКШ эч качан бизге согуш ача албайт. Ядролук куралдардын кнопкасы үстөлүбүздүн үстүндө. Бул коркутуу эмес чындык»,-деп телеканадалар аркылуу жар салды.

Түндүк Кореянын лидери, Түштүк Корея менен болгон чыңалуунун азайтылышы керектигин жана диалог каалгасынын ачык экенин да кошумчалады. Мындан тышкары, Ким Чен Ын февраль айында Түштүк Кореяда өткөрүлө турган кышкы Олимпиада оюндарына катышуу ыктымалдуулугун сүйлөшүү үчүн Сеулга бир делегация жөнөтүүнү ойлонуштуруп көрөрүн да «сүйүнчүлөдү».

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here