Узап бараткан жылдың эң акыркы күнү, тагырагы 31-декабрда күчү 4,5 баллга жеткен силкинүү Ош облусунда катталганын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан белгилүү болду.
Жердин силкинүү: Бор-Дөбө айылында 4 баллга, Арча-Булак, Сары-Могол, Талды-Сууда 3,5 га Сары-Таш, Кара-Киндик жана Ачык-Суу айылдарында 3 баллга жеткен. Бактыга жараша кыйроолор жана жабыркагандар жок.