Бишкекте 31-декабрдан 1-январга чейин жаңы жылды тосуу дээрлик тынч өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине борбор калаанын Тез жардам кызматынан билдиришти.

Бул күнү 38 медициналык бригада иштеген. Жалпы жонунан 591 кайрылуу түшүп, 476 адамдын үйүнө барышкан. 115 консультация берилип, 112 адам ооруканага жаткырылган.

Беш жол кырсыгы катталып 10 адам жеңил жаракат алган. Сасык тумоо боюнча 8, ичеги-карын оорулары менен 65 адам кайрылган.

Түндө эки мас абалындагы адамга белгисиз бирөөлөр кол салган. Алардын денеси сыйрылып медициналык жардам алышкан.

“Ала-Тоо” аянтынан бир адам эс-учун жоготуп, дагы бир эркек киши ичимдикке ууланып ооруканага жаткырылган. Ал эми жалпысынан жети өлүм катталса, анын төртөө селсаяктар болгон.

Булак:sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here