Кытайдын Куньмин шаарында ШКУнун эл аралык марафонунда кыргызстандык Адилет Кыштакбеков биринчи келди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 31-декабрда өткөн марафондо Кыштакбеков 42 чакырым аралыкка чуркаган. Бул жарышка 27 өлкөдөн 14000ден ашуун спортчу жана спорт ышкыбоздору катышкан.

Министрликтин өкүлдөрү кыргызстандык спортчуну Кытайдагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери да сүрөп келгенин кошумчалашты.

булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here