Тасма өлкөнүн түштүк жана түндүк борборлорунда тартылган

Кыргызстанда «Торбаз» деп аталган индиялык блокбастер тартылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине долбоордун режиссеру Гериш Малик айтып берди.

Тасма тартуу иштери 2017-жылдын декабрь айында бүткөн. Чоң экранга 2018-жылы чыгары айтылды.

Фильмде согуш жүрүп жаткан жерден балдарды куткарып чыккан бейөкмөт уюмда иштеген аялдын окуясы баяндалат. Бул наристелерди жан кечти кылууга даярдап келишкен. Тасма Бишкек шаарында, Токмоктун айланасында жана түштүк аймакта тартылган.Ролдорду Болливуд жылдыздары Санжай Датт менен Наргис Факхри жана кыргызстандык актерлор жараткан.

Режиссердун айтымында, фильмдин бюджети 4 миллион долларга чамалап барган.

Булак: sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here